Четверг, 19 сентября

Депутаттарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүнкү жыйынды ачып жатып, депутаттарга кайрылуу жасады.

Анын айтымында, дүйшөмбүдөн баштап депутаттардын чет өлкөгө болчу сапарларына чектөө коюлган.

«Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын аякташына бүгүнкүнү эсепке албаганда беш пленардык жыйын калды. Аларда өлкө, эл, мамлекеттин тагдыры үчүн кабыл алынчу мыйзам долбоорлор, маанилүү документтер бар. Алдын ала айтып коеюн, дүйшөмбүдөн баштап бардык чет өлкөлүк сапарларга чектөө коюлду. Өтө маанилүү бир-экөө эле болбосо бардыгын токтотобуз. Эч жакка чыкпайбыз», — деди Шакиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз