Понедельник, 1 июля

Эскалаторго кыпчылып калган 3 жашар кызга операция жасалды

0

Буту эскалаторго кыпчылып калган 3 жашар кызга операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын буту сынган деген диагноз коюлган.

«Бирок баланын кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калгандыктан ага операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу. Ал №3 шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүүдө», деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкектеги соода борборлордун бириндеги эскалаторго жаш баланынбуту кыпчылып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. ӨКМ кызматкерлери чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз