Пятница, 28 июня

Бишкек – Ош жолу каттам үчүн ачылды

0

Бишкек — Ош унаа жолу саат 24- июнь күнү 8:00дө толук тазаланып, эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, кече аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таш кулап жолду жаап калган.

Жеринде түнү менен ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жалпы 5 техника тартылып, жолду тазалоо иши жүрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз