Суббота, 29 июня

Таласта мөндүр жаап эгин талаасына зыян келтирди

0

Бакай-Ата районунда 24-июнда саат 16:00дөр чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген.

Ошондой эле Боо-Терек айылында каттуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам, Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими абалды жеринде көрүштү.

Белгиленгендей, бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз