Понедельник, 1 июля

Баткенде «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын лидери жана 9 мүчөсү кармалды

0

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүүнүн жүрүшүндө экстремисттик топтун 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу лидери жана 9 мүчөсү кармалды.

Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми диний-экстремисттик кыймылдын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн азайтуу максатында аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар радикалдык-экстремисттик идеологиянын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

УКМК ар кандай радикалдык-экстремисттик уюмдардын жактоочуларынын кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз