Суббота, 29 июня

ЕККУнун төрагасы Иан Борч Кыргызстанга иш сапары менен келет

0

Европада коопсуздук жана келишим уюмунун төрагасы, чет элдик жана европалык иштер жана соода министри Мальты Иан Борч Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Ян Борч президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушат.

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальтанын төрагалыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз