Воскресенье, 29 сентября

Жыл башынан бери 9 машина-трактордук станция түзүлдү

0

Кыргызстанда жыл башынан бери 9 машина-трактордук станция (МТС) түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Чүй облусунда – 3, Ысык-Көлдө – 1, Таласта – 1, Баткенде – 1, Жалал-Абадда – 1, жана Нарын – 2.

«Быйылкы жылы өлкө боюнча жалпы 35 жеке жана мамлекеттик МТСтерди уюштуруу пландалууда жана азыркы учурда ушул багытта иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР министрлер кабинети жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иштер аткарылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз