Балык өнөр жай комплекси департаментинин Тоң балык өстүрүү заводу тарабынан Ысык-Көлгө карп-сазан чабактары кое берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, чабактарды чыгаруу боюнча иш-чаралар Ысык-Көлдүн №21 жана №37 балык уулоо тилкелеринде жүргүзүлүп, жалпысынан 6 млн карп-сазан чабактары кое берилди.
Ошондой эле Түп булуңу балык уулоо тилкесинде «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү айыл-чарба кооперативи 5 млн карп-сазан чабактарын чыгарган.
Белгилей кетсек, чабактарды кое берүү иш-чарасы кызыкдар тараптардын катышуусу менен комиссиялык түрдө, зарыл актыларды түзүү менен жүргүзүлдү