Воскресенье, 29 сентября

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

0

Маалыматка ылайык, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 1-3-июль күндөрү Бишкектин Куттубаев, Токомбаев, Айтиев, Жетикашкаев көчөлөрү менен чектелген аймагында газ берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкекгаз” газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз