Воскресенье, 29 сентября

АЧК-12 долбоору боюнча 3,03 млрд суммасына жеңилдетилген насыя берилди

0

2024-жылдын 20-июнуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоордун алкагында республиканын 7 655 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 35,18 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 709,19 млн сом суммасында 6 633 субъектти түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 325,99 млн сом суммасында 1 022 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024-жылдын 20-июнуна карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

(млн сом)

Берилген кредиттердин саны Долбоорду өздөштүрүү суммасы
Республика боюнча бардыгы 7 655 3 035,18
1 Чүй облусу 1 209 468,16
2 Ысык-Көл облусу 1 186 417,93
3 Талас облусу 868 329,53
4 Нарын облусу 920 373,9
5 Жалал-Абад облусу 1 714 720,65
6 Ош облусу 1 298 537,81
7 Баткен облусу 460 187,2

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз