Воскресенье, 29 сентября

Баткен – Боз-Адыр унаа жолунун асфальттоо жумуштары жүрүп жатат

0

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө жумуштар ортодон ооп, 3,5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз