Воскресенье, 29 сентября

Израиль эми Сирияга кол салды

0

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамасктагы Сеййиде Зейнеп мааласына кол салгандыгы билдирилди.

Сирия өкмөтүнө жакын социалдык медиа эсептери Израилге таандык аскердик учактардын Дамасктагы Сеййиде Зейнеп мааласынын айланасында бир жерди бутага алгандыгын маалымдашты.

Кол салууга байланыштуу Израиль тарабынан жана Сириядан ушул кезге чейин эч бир билдирүү келген жок.

Дамакстагы Сеййиде Зейнеп мааласында Иран колдогон топтордун бар экендиги белгилүү.

Израиль жарандык согуш башталган 2011 —  жылдан бери Сирияда кээ кээде Иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункуттарга кол салуулар жасалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз