Понедельник, 1 июля

Азия чемпионаты U-23: Кыргызстандын грек-рим курамасы 7 медаль жеңди

0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-23) 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана төртөө коло медаль:

  • Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) — алтын;
  • Артык Орозбеков (130 кг чейинки салмакта) — күмүш;
  • Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) — коло медаль.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке улук машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында катышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз