Понедельник, 1 июля

Кыргызстанда этти жана балыкты кайра иштетүүчү заводдор курулат

0

Кыргызстанда балыкты жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Заводдорду куруу жөнүндө меморандумга Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн «Китай – Евразия ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду.

Кол коюлган меморандумдар Кыргызстанда «асан-үсөн форелин» өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заводдорду курууга, ошондой эле Кытайга айыл чарба продукцияларын мындан ары экспорттоо үчүн стандарттарга ылайык келген уй этин, бодо малдын кошумча продуктуларын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заводду курууга багытталган.

Ошентип, Айыл чарба министрлигинин демилгеси жана көмөгү менен эки өлкөнүн ишканалары ортосунда кызматташуу максатында төмөнкү меморандумдарга расмий түрдө кол коюлду:

  • «Аква- сервич» ЖЧК (Кыргызстан) – Xinjiang Koulekoufu Import And Export Trade Co.Ltd (Кытай);
  • «ЭФТАР Агро Комплекс» ЖЧК (Кыргызстан) – Tianhuan ECO International Economy & Trade (Nanjing) Co., Ltd (Кытай);
  • «Аква Пром» ЖЧК (Кыргызстан) – Yining Agricultural and Commercial Investment (Group) Co., Ltd, (Кытай);
  • «Торо» ЖЧК (Кыргызстан) – CHANGSHU SILK ROAD IMPORT EXPORT, TRADE СО., LTD(Кытай).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз