Вторник, 2 июля

Ноокат элинен кабар алууга ӨКМдин тик учагы учуп кетти

0

Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында селден улам жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу чыгып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар тобун ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектөөдө. Анын ичинен 13 куткаруучу Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти.

Учурда Ноокаттын сел жүргөн аймагында 46 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми 18 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылды. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдор департаментинен тартылган 5 адис сел жүргон аймакта изилдөө иштерин жүргүзө баштады.

Ошондой эле селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы учуп кетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз