Вторник, 2 июля

Абшыр-Атада убактылуу медпункт ачылды

0

Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу аймагында убактылуу медициналык пункт ачылды. Анда селден жабыркагандарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Убактылуу уюштурулган медпункта Ноокат райондук ооруканасынын дарыгерлери иштеп жатат, ошондой эле Ош облустук ооруканасынан дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер тартылды. Мындан тышкары, жабыркагандарга невропатологдор жана психологдор да жардам беришүүдө.

Ошондой эле Ноокат райондук ооруканасынын башчысынын айтымында, медпункт бардык дары-дармектер жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Окуя болгон жерде 4 тез жардам унаасы бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз