Селден улам Ош – Раззаков жолу жабылды

0

Ош – Раззаков унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн 20:30дар чамасында тазалоо иштери учурунда катуу келген селден аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-июнга чейин олкө аймагындп туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн эскерткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз