Стамбулдун Топкапы музейи түнү да ачык болот

0

Стамбулдагы Топкапы сарайы 1924-жылы музей катары иштей баштагандан бери биринчи жолу түн ичинде көрүүчүлөргө ачылды.

Улуттук сарайлар директорлугуна караштуу Топкапы сарайы бөлүмүнүн башчысы Илхан Кожаман басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Топкапы сарайынын жай мезгилинде ишемби күнү кечинде түнкү кыдыруучуларга ачык болорун айтты.

Кожаман : «Саякатчыларыбыздын ачык жана жабык жерлерди кыдыруусу үчүн долбоор даярдадык. Топкапы сарайы тарыхында биринчи жолу мындай долбоорду ишке ашырууда»,-деди.

400 жылдан ашуун Осмон дөөлөтүнө башчылык кылган сарайдын ар ишемби күнү саат 21.00-23.00 арасында кыдырууга болоорун белгилеген Кожаман, эки сааттык убакыт ичинде сарайдын бардык бөлүмдөрү ачык кармала турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз