Франциядагы шайлоодо оңчулдар озду

0

Францияда парламенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкты. Бул партия жалпы добуштардын 34 пайызына ээ болду.

Солчул партиялардан куралган «Жаңы элдик фронт» аттуу саясий блок 28,1 пайыз добуш топтоп, экинчи орунда калды. Ал эми президент Эммануэл Макрондун партиясы курамына кирген «Жалпыбыз республика үчүн» аттуу саясий коалиция 20,3 пайыздык добуш менен үчүнчү сапка чыкты.

9-июндагы Европарламенттин депутаттарын шайлоодо ашынган оңчулдар алдыга чыккандан көп өтпөй Макрон кезексиз парламенттик шайлоо жарыялаган. Ал Европарламентке шайлоонун жыйынтыгы өкмөт үчүн өкүнүчтүү болгонун, ошол эле маалда француздардын эркин көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместигин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз