Четверг, 4 июля

Жалал-Абадда экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

0

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында «Йакын инкар» диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, алардын биринен 1 килограммдан ашуун салмактагы баңгизаты табылды.

УКМК үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымынын активдүү 6 жактоочусун кармады. Аталган адамдар Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү үгүттөшкөн.

Жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн натыйжасында көп сандаган экстремисттик адабияттар, экстремисттик мүнөздөгү материалдары бар баракчалар, ошондой эле жалпы салмагы 1 килограммдан ашуун өзгөчө жыты бар баңгизат (842 грамм «гашиш», 286 грамм «марихуана») табылды.

Аталган адамдар «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымынын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп тургандыгы да такталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз