Чүй облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмикалык институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 16:17де Чүй облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес.
Учурда КР Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.