Акыркы оюнда Түркия Австрияны 2:1 эсебинде, ал эми Нидерландия Румынияны 3:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо ала алды.
Ошентип Евро — 2024 мелдешинин чейрек финалында ойной турган 8 улуттук курама белгилүү болду.
- 5 — июлда Испания — Германия;
- 5-июлда Португалия- Франция;
- 6-июлда Нидерландия- Түркия;
- 6-июлда Англия- Швейцария беттештери болот.
Чейрек финалда уткан төрт өлкөнүн футболчулары жарым финалда кез келет. Алардын оюндары 10-11-июлда болот. Анда жеңишке татыган эки команда 14-июлда финалда ойношот.
Белгилей кетсек, Европа чемпионаты Германияда өтүүдө.