Пятница, 5 июля

Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

0

Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бардык унаа жолдордо каттам бар.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жалпы 9 көпүрөнү алып кеткен. Анын 8и калыбына келтирилди. Селдин кесепеттеринен тилекке каршы 14 адам өмүрү менен кош айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз