Понедельник, 8 июля

Израиль Газада мектепти бутага алды

0

Израиль  армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Газа шаарынын чыгышында жарандар баш калкалаган мектепти бутага алып, 5 палестиналык каза болду.

Жарандык коргонуу топторунун билдирүүсүнө караганда кол салуунун натыйжасында 15 киши жаракат алды. 5 кишинин жансыз денеси бомбаланган мектептин урандыларынын астынан чыгарылды.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 15 миң 694тү бала, 10 миң  279  аял болгон  38 миң  11 палестиналык  каза болуп, 87 миң  445 киши жаракат алды.

Уранды астында азыр да миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, эл баш калкалаган оорукана жана мектептер бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз