Понедельник, 8 июля

Бишкек мэри шаардын мыкты бүтүрүүчүлөрүн сыйлады

0

Бишкек шаарында борбор калаадагы мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Мэр Айбек Жунушалиев мыкты бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды, ал эми билим берүү уюмдарынын жетекчилерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

«Быйыл республика боюнча 134 окуучу «Алтын тамганын» ээси болушту, анын 45и биздин бүтүрүүчүлөр. Республика боюнча 56 окуучу ЖРТнын алтын сертификатын алышты, алардын 32 борбордогу мектептердин окуучулары. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын жакшырат деп ишенем. Анткени, силер биздин келечегибизсиңер. Биз силерден ата-мекенин сүйгөн, анын эртеңки жаркын келечеги үчүн күрөшкөн, анын өнүгүшүнө татыктуу салымын кошкон, ар намыстуу, жоопкерчиликтүү жана мекенчил инсан болуп чыгарыңарга бекем ишенебиз», — деди борбор калаа башчысы.

Ошондой эле иш-чарага райондук администрациялардын башчылары, мектеп директорлору жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган окуучулар үчүн шаардык бүтүрүү кечесин өткөрүү салтка айланган. Билим берүү департаменти өткөргөн иш-чаранын коноктору шаардагы 8787 бүтүрүүчүнүн 45 бүтүрүүчүсү болду.

«Алтын» бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, көптөгөн шаардык жана республикалык сынактардын байге ээлери жана лауреаттары бар.

Сыйлоо аземинен кийин бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер үчүн майрамдык концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, 2024-окуу жылында шаар мектептеринин 9-классын 17773 окуучу, 11-классты 8787 окуучу аяктаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз