Понедельник, 8 июля

Депутат ким менен мушташты?

0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкектеги соода борборлордун биринде күзөтчү менен чырдаша кеткенин ырастады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, окуя боюнча милицияга арыз берип кайра алганын билдирди. Депутаттын айтымында, окуя мындан 20 күн мурун соода борбордун автоунаа токтотуучу жайынан машине менен чыгып баратканда болгон. Ажибаев кийинчерээк арызын кайтарып алган.

«Ал жерден чыгып бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, «машинеден ары тур”, — деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир аз алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазганмын», — деп жазды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз