Воскресенье, 6 октября

Селден Ысык-Көлдөгү эс алуучулар да жабыркады

0

5-июлда саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты жана Корумду айылындагы бир катар үйлөрдү каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, ал жерге 15 куткаруучу барып, суу сордуруучу жана башка атайын техника жеткирилген. Жергиликтүү тургундардын көмөгү менен пансионатта эс алып жаткан 145 адам эвакуацияланды.

Каналдын жээктери бекемделип, нугу сел калдыктарынан тазаланды. Корумду айылындагы үч үйдүн жана дүкөндүн жер төлөсүнөн суу сордурулду. Эс алуучулар түндө кайрадан пансионатка жайгаштырылды.

ӨКМ 5-12-июль күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүү коркунучу бардыгын, дарыялардын деңгээли көтөрүлөрүн кабарлаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз