Воскресенье, 6 октября

Израиль армиясы Батыш Шериадагы 5 палестиналыкты өлтүрдү

0

Израиль армиясы өзү басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарында жүргүзгөн  операцияда 7 палестиналыкты өлтүрдү.

Окуяга күбө болгондор Израиль армиясынын Женинге чабуул жасап, шаардагы Эль-Авда аянтын бомбалоосунда каза болгондордун бар экендигин билдиришти.

Күбөлөр шаардын бир нече киришинде операция жүргүзгөн Израиль аскерлеринин бир үйдү курчоого алып бомбалагандыгын жана операцияга каршы чыккан палестиналыктар менен куралдуу кагылышуулардын болгонун билдиришти.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта : «Израиль армиясынын Женинге кол салуусунан кийин 7 палестиналыктын сөөгү жана бир оор жаралуу  Женин мамлекеттик ооруканасына алып барылды», — деп айтылды.

Акыркы каза болгондор менен оккупация астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста  7-октябрдан бери Израиль аскерлери менен Палестина жерлерин басып алган израилдиктердин кол салулуарында каза болгон палестиналыктардын саны  566га жогорулады, кол салууларда  5 миң  351 палестиналык жаракат алды.

Израиль армиясы басып алган Батыш Шериадагы Калкилия жана Наблус, Рамалла жана Бейт-Лехем шаарларына жасаган операциясында көп сандаган палестиналыкты камоого алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз