Воскресенье, 6 октября

Бакыт Төрөбаев Ноокатка барды

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ноокат районунда орун алган сел кырсыктарынан жабыркаган турак жайлар, дарыялардын жектеринин абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаевге орун алган кырдаал жана аткарылып жаткан жумуштар менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов маалымат берип, жаралган кырдаалды бат убакытта жоюу боюнча тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын айтып, Абшыр-Ата айылынан жайлоого чейинки аралыктагы жол саат 16:00 ачыларын маалымдады.

Мындан сырткары, чет мамлекеттен келген гуманитардык жардамды райондук көчүрүү комиссиясынын төрайымына жана жергиликтүү комиссияга өткөрүп бергендиги маалымдалып, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатканы белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев сел кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөргө мамлекет тараптап көңүл буруларын белгилеп, ички чарбалык жолдорду, ички көпүрөлөрдү, ичүүчү таза суу түтүктөрүн бат убакытта калыбына келтирүү тапшырмасын коюду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз