Воскресенье, 6 октября

“Кымыз Фест- 2024” фестивалына Акылбек Жапаров катышты

0

Акылбек Жапаров этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-аштын түрлөрүн, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, кыргыз элинин улуттук оюндарын сактоо жана өнүктүрүү каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи.

«Баатырларга дем берген, ичкен адам толукташып шерденген элибиздин эн мыкты суусундугу кымыз жөнүндө төмөнкүлөрдү айтым келет. Кымыз дары экенин миң жыл мурда эле легендарлуу дарыгерлер билген экен. Орус элинин белгилүү акын-жазуучулары Толстой, Чехов, Пушкин кымыздын баркын билип, ден соолуктарын чыңдаш үчүн колдонушкан. Изилдеп көрсө, кымызда далай ооруларга дары боло турган заттар, витаминдер бар. 19-кылымда кымыз менен дарылаган пансионаттар Россияда ачылган»,- деди ал.

Фестивалдын алкагында Кыргызстандын ар аймагынан келген кымыз жана сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси уюштурулган. Ошондой эле жарманкенин алкагында бир катар өлкөлөрдүн диаспоралары өзүлөрүнүн маданиятын жана азыктарын тартуулады.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында улуттук оюндар: кыз кууймай, кыргыз күрөшү, ат оюндары, тайган таптоо жана бүркүт таптоо оюндары көргөзүлдү. Ошондой эле фестивалда ар облустун боз үй шаарчалары курулуп, боз үйлөргө даам сызууга мүмкүн болду.

Фестиваль театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолду.

«Кымыз фестивалы жылдан жылга кеңейтилген форматта өтүп жатат. Быйыл өлкөнүн бардык облустарынын өкүлдөрү келип өз кымыздарын тартуулады. Келерки жылдары дүйнөлүк масштабда өткөрөлү деген пландар бар», — деди Кымыз фестивалынын уюштуруучусу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз