Воскресенье, 6 октября

Чуңкурчактагы кырсык. Комлекстин жетекчиси кармалды

0

Чуңкурчак капчыгайындагы Flyjump спорт комлексинде болгон кырсыкка шек саналып, аталган жайдын ээси, 28 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, аскадан секирүү учурунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү») менен кылмыш ишин козгогон. Буга иш тууралуу топтолгон материалдар жана маркумдун жакындарынын арызы негиз болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз