Воскресенье, 6 октября

Москвадан Кыргызстанга кароосуз калган төрт ымыркай кайтарылды

0

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Балдарды кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

«Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.

Эмгек министрлиги репатриация процессинин бардык катышуучуларына, анын ичинде Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук жана ошондой эле коопсуз жана камкордуктуу ташууну камсыз кылган түз катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз