Кыргызстандын аймагында 1-июлдан 7-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 20 миң 589 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 232;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 176;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 923;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 255;
- авто ээнбаштык — 15;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 820;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 1 354;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 748 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.