Среда, 9 октября

Ошто Турсунбаева көчөсү 18 метрге кеңейүүдө

0

Маалыматка ылайык, учурда жумуштар жаңы темир жол өтмөгүнөн («Зухра» кафесине жакын жерде) И. Раззаков көчөсү менен кесилишине чейин жүргүзүлүүдө. Унаа жүрүүчү жолду, тротуар жана ирригациялык тармактарды кошкондо 18 метрге чейин кеңейтилген.

Жолду кеңейтүүгө тиешелүү коммуналдык жана муниципалдык ишканалар тартылып, өз башыттары боюнча жумуштарды жасап жатышат. Ал эми жергиликтүү тургундар өз алдынча орноткон тосмолорду жана соода түйүндөрүн түшүндүрүү иштеринен соң жылдырып беришкен. Бул жумуштар жалпы узундугу 800 метрди түзгөн аралыкта жүрүп жатат. Учурда суу түтүктөрүн жылдыруу жана жолду асфальттоого даярдоо багытында ар тараптуу иш-аракеттер көрүлүүдө.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аталган жолду оңдоо иштер менен жеринен таанышып чыгып, тийиштүү кызматтарга зарыл болгон бардык жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз