Среда, 9 октября

Ошто сел адамдарды агызды (Видео)

0

Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:00 чамасында «112» кызматына катуу жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Буга кошумча Ош шаардык №12 ӨКБдан 8 куткаруучу, №13 АӨКБдан 10 куткаруучу тартылды, ККББдан ыкчам топ КБП унаасы менен. Жалпы 46 куткаруучу тартылды.

Куткаруучулар тарабынан 420 адам эвакуацияланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз