Среда, 9 октября

Кара-Суу районунда 140 орундуу бала бакча курулууда

0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында 140 орундуу бала бакчаны курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Объекттин курулушу Мамкурулуш тарабынан 2023-жылы башталган. Курулш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Бүгүнкү күндө бала бакчанын дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп бүттү. Учурда полду орнотуу жумуштары, балдар үчүн 4 жайкы сөөрү куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, бала бакча 2 кабаттуу тик бурчтуу формада, аянты 1129 чарчы метрди түзүп, долбоор боюнча дагы ажааткана, откана жана көмүр сактоочу жай, оюн аянтчалары жана 4 жайкы сөөрү каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз