Среда, 27 ноября

Ошто селге агып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылды

0

Маалыматка ылайык, буга чейин 6 жашар кыздын сөөгү табылган. Эми дагы бир аял жана эки кыз изделүүдө. Учурда жалпы 350 адам издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, кечээ Кара-Суу районунун Өзгүр айылында катуу келген селден элди куткаруу учурунда жардам берип жаткан кишини КамАЗ тебелеп кетип, ал ошол жерден каза болуп калган.

Ошентип, жалпысынан Оштогу селдин кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 4 адамды жана дагы бир аялды, ошондой эле соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз