Четверг, 19 сентября

Бишкектен троллейбустар эмне үчүн алынып жатат? Жообу

0

Бишкекте троллейбус менен жүргөн жүргүнчүлөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев  билдирди.

«Троллейбустарды автобустар менен электробустарга алмаштырууга айрымдар эмнеге мынчалык каршы болуп жатканын түшүнбөйм. Жол тыгынга байланыштуу көптөгөн каттамдарды өзгөртүүгө туура келип жатат. Бирок троллейбустардыкын антип өзгөртө албайсың. Айрымдар троллейбустар эң арзан транспорт деп ойлошот, чынында андай эмес. Мисалы, 1200 автобуска мэрия кетирген чыгым (субсидия) 638 миллион сомду түзсө, 115 троллейбуска 205 миллион сом бөлүнөт», — деди Жунушалиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз