Вторник, 17 сентября

Бүгүндөн баштап Бишкектен Балыкчыга поезд күн сайын каттай баштады

0

Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да келет, кечкиси Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 станциясына саат 22:18де келет.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционери, жумшак отургучтары, дивандары жана кошумча буфети бар үч ыңгайлуу вагон бар.

Баалары:

Стандарттык вагондор:

− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 73 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 150 сом.

Люкс вагону:

− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 250 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 500 сом.

ВИП вагондору:

− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 400 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 800 сом.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз