Суббота, 19 октября

Бишкекте «Оймо» фестивалы 24-июлда башталат

0
Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «Оймо» фестивалы быйыл Бишкекте 24-июлда башталат. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Ага ылайык, фестивалга жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышмакчы.
Алар Борбор Азия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Индия, Монголия, Мексика, АКШ, Малайзия, Норвегия, Швеция, Кувейт өлкөлөрүнөн келишет.
Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.
Иш-чара 28-июлга чейин уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз