Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо реконструкция иштери уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бүгүн Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев стадионду реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Учурда демонтаж иштери бүткөрүлүп, жаңыдан куруу жана өңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жеринде 250дөн ашык жумушчу иш алып барууда.