Воскресенье, 8 сентября

Таласта Көк-Сай – Кайнар унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда

0

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай – Кайнар унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл эки айылды байланыштырган жолдун 1,5 чакырымын оңдоо каралган.

Жол жумуштарына “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №6 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, азыркы тапта 900 метрден ашык аралык жасалды.

Бул тилкедеги жумуштар аяктагандан кийин Көк-Сай – Арчагул унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз