Воскресенье, 8 сентября

Жылдын башынан тарта Талас облусу жалпы 403,5 млн сомго каржыланды

0

Талас облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер — 403,5 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 96,5 млн сом;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы),
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 5,7 млн сомго каржыланган,
  • бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө каржыланган – 1,3 млн сомго каржыланган.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен — 64,9 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле 2024-жылдын 22-майында №261-т тескемесине ылайык 300 млн сом каржыланды. Ошентип, жалпы сумма 468,4 млн сомду түздү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз