Кыргызстандын математика боюнча курама командасы 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аталган олимпиадада Кыргызстандык окуучулар 1 – алтын медаль, 3 – күмүш медаль жана 2 ардак грамотага ээ болушту.
Алтын медаль ээси:
- Назар Киргизбаев (29 упай), Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
Күмүш медаль алгандар:
- Ян Бобрус (24 упай) , “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу, Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
- Элдар Искендеров (23 упай) , Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
- Искен Кенжебаев (22 упай), Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу.
Ардак грамота ээлери:
- Нурсултан Эшперов (13 упай) , “Газпром кыргызстан” мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
- Султан Мусаходжаев (11 упай) , №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын олимпиадага барып келүү чыгымы толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланды.
Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай, Түштүк Корея өлкөлөрү кирсе, Финляндия 36-орун, Казахстан 43-орун, Малайзия 44-орун, Эстония 47-орун, Швейцария 50-орун, Индия 51-орун, Өзбекстан 61-орун, Сауд Арабия 63-орунду ээледи.