Воскресенье, 8 сентября

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

0

Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан 2 275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйнтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылып, 14 млн 850 миң 140 сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз