Воскресенье, 8 сентября

«Талас сүт» ишканасынын продукциясы Россия менен Казакстанга экспортко жөнөтүлөт

0
 «Талас сүт» ишканасынын продукциясы Россия менен Казакстанга экспорттолот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта аталган ишкана заман талабына ылайык реконструкциялоо жана модернизациялоого муктаж экени айтылган.
Ишкананын жайкы сезондо суткалык кубаттуулугу 30-40 тоннаны түзөт. Адистердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын саны 70ке жакын. Учурдагы болгон өндүрүш кубаттуулугу 60 пайызга араң жетет. Сүт продукциясынын (каймак май жана кургак сүт) 80-85 пайызы облустун жана Бишкек шаарынын ички рыногун камтыйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз