Эскерте кетсек, эртең, 25-июлда Бишкекте ШКУнун башкы прокурорлорунун XXII жыйыны жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун III жыйыны өтөт.
Аталган иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын башкы прокурору бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт:
- ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен;
- ШКУнун башкы прокурорунун орун басары Джанеш Кейн жана уюмдун катчылыгынын эксперттери менен;
- Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен;
- Түркиянын башкы прокурору Мехмет Шентюрк менен;
- Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен;
- Россиянын башкы прокурору Игор Краснов менен;
- Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов менен;
- Беларустун башкы прокурору Андрей Швед менен.