Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.
Жерине жалпысынан 77 куткаруучу, 7 мотопомпа, 7 атайын техника тартылды. Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июлда саат 18:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арстанбап айылынын ички жолдорун капталган.