Воскресенье, 8 сентября

Австралияда 1969-жылы чөгүп кеткен кеме табылды

0

1969-жылы Австралияда болот ташып жатып бороонго кабылып чөккөн жана  26 кишилик экипаждан 21 киши каза болгон жүк кемесинин урандысы табылды.

Австралия басма сөзүндөгү  кабарларга караганда  1969-жылы  25-августта чөккөн  «MV Noongah» кемесинин урандысы  170 мтер тереңдиктен табылды.

Жайгашкан жери жогорку пикселдүү деңиз түбү картасы жана видео көрүнүштөрү колдонулуу менен аныкталган уранды чоң өлчөмдө бекем жана тик түрүндө табылды.

Жаңы Түштүк Уэльс жакындарында   болот ташып бара жатып бороонго кабылып чөккөн «MV Noongah» жүк ташуучу кемеси үчүн Австралия тарыхындагы «эң чоң деңиз издөө-куткаруу иштеринин» бири аткарылган.

Кеменин чөгүшүнөн кийин кеме 5 киши куткарылып,  21 киши каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз