Пятница, 18 октября

Муфтият молдолорго бирдиктүү форма тиктирет

0
Дин кызматкерлеринин жайкы, күзгү жана кышкы формасынын дизайнын даярдоо боюнча конкурс старт алды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Талаптары:
дизайнды электрондук үлгүдө иштеп чыгуу;

ар бир мезгилге форманын кездемелеринин аталыштары жана түстөрү;

дин кызматкери, имамдар жана диний ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандардын сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин үлгүлөрүн иштеп чыгып, комиссияга сунуштоо;

кыргыз колоритине жана өзгөчөлүктөрүнө (м: орнаменти) төп келген же жакындатылган форматта иштелип чыгышы керек;

форма буга чейин журт башчы тарабынан демилгеленип, тиктирилип берилген формага үндөш болсо артыкчылык каралат;

үлгүлөр 2-августка чейин кабыл алынып, тандоо 5-август күнү саат 10:00дө муфтияттын залында өтөт.

Үлгүлөрдү жана маалыматтарды joldosh.abdulda@mail.ru электрондук дарегине жолдоо керек. Кененирээк маалымат үчүн +996 778 900 601 (WhatsApp) телефонуна кайрылууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз